Саясат
Садыр Жапаров: "Колдон келсе, Атамбаевди эртең эле үй камагына чыгармакмын"
Элита плюс
Ноябрь 12, 2020 г.
Садыр Жапаров: "Колдон келсе, Атамбаевди эртең эле үй камагына чыгармакмын"
© Элита плюс
Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаровдун бүгүн, 12-ноябрдагы маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу тууралуу суроо узатылды. 
Журналисттин суроосуна С.Жапаров: "Азиз Батукаев боюнча камалбады беле. Андан кийин Кой-Таш окуясы боюнча дагы кылмыш иши бар экен. Мен оюмду айткам. Колдон келсе, үй камагына чыгарып койсок. Ошол жерден сотко барып, соттон күнөөлүү болсо, башка иштери боюнча ошол жерден акталып чыкса деген оюмду айткам.
Соттор, прокурорду, күнөөлөп жаткандарды мен "сен тигиндей кыл, мындай кыл" деп айта албайт экенмин да. Эгерде менин колумда болсо, менин толук укугум болсо, эртең үй камагына чыгарып коёт элем. Эми азыр үй камагына чыгар деп сотторго, прокурорлорго тапшырма бере турган болсом дагы айтып чыгасыңар да: "мына диктатура кылып жатат, бийликти узурпация кылып алды" деп", - деп жооп берди