Коом
Садыр Жапаров кичинекей Бекболот менен Москвадан келгенден кийин жолугат
Элита плюс
Февраль 17, 2021 г.
Садыр Жапаров кичинекей Бекболот менен Москвадан келгенден кийин  жолугат
© Элита плюс

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районун Балбай айылынын кичинекей тургуну Бекболот Турдушев менен Москвадан  келгенден кийин жолугушат. Бул тууралуу блогер Азирет Осмонов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Бүгүн Бекболот экөөбүз Садыр Нургожоевичке жолукмакпыз. Бирок жолугууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын бир нече себептери бар. Президентибиз учурда обочолонуу режиминде болуп жаткандыгына байланыштуу көп адамдардын кирүүсүнө тыюу салыныптыр. Ал Москвадан келгенден кийин Бекболотту кабыл алаарын айтты», - деди блогер.

Азирет Осмонов билдиргендей, «айылыма эки кабаттуу мектеп салып бериңиз», -  деп президентке кайрылуу жасаган Бекболот Садыр  Жапаров менен азырынча онлайн режиминде жолугуп, мамлекет башчысы ага ноутбук, куран китебин жана акчалай сыйлык берип жиберген.

Эскерте кетсек, учурда президент Садыр Жапаров жакында Орусияга иш –сапары менен барат. Ага чеийин ал обочолонуу режиминде иштеп жатат.