Саясат
Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга барат
Элита плюс
Февраль 19, 2021 г.
Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга  барат
© Элита плюс

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров иш сапары менен Россия Федерациясына барат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-февралында Москвада Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда КР тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен РФ тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденконун деңгээлинде кезектеги ТИМдер аралык консультациялар болду.

Бул контекстте жакынкы күндө КР президенти С.Жапаровдун Россияга боло турган алгачкы иш сапарынын маселелери тыкыр талкууланды.

Ошондой эле, тараптар мамлекеттик байланыштардын бекемделишин шарттай турган жогорку деңгээлдеги байланыштардын маанилүүлүгүн жана үстүбүздөгү жылга саясий жана маданий, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылы деп жарыялануусунун алкагында иш-чаралардын графигин белгилешти.