Коом
Садыр Жапаров: "Илимдер академиясы музейге эмес, иш кайнаган жерге айланышы керек"
Элита плюс
Ноябрь 11, 2020 г.
Садыр Жапаров: "Илимдер академиясы музейге эмес, иш кайнаган жерге айланышы керек"
© Элита плюс

Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, КР Улуттук илимдер академиясына (УИА) барды.

Президенттин милдетин аткаруучу УИАга сапарында Улуттук академиянын окумуштууларынын эмгектери коюлган көргөзмөнү көрүп чыкты. УИА Президенти Мурат Жуматаев илимий мекеменин ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана ачылыштары жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле ал азыркы учурда Академия туш болгон кыйынчылыктарды, анын ичинде техника-жабдуу базасын жаңылоого каражат жетишсиз болуп жатканын белгиледи.

“Акыркы 16 жылдын ичинде өлкөнүн бир дагы Президенти жана бир дагы Премьер-министри Улуттук академияга келген эмес. Сиздин бул келишиңиз илимге жана окумуштуулардын эмгектерине болгон мамиленин өзгөрүшүнүн белгиси болоруна жана мындан ары оң натыйжаларды алып келерине ишеним артабыз”, - деп билдирди Мурат Жуматаев Президенттин милдетин аткаруучуга кайрылып.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстандын окумуштууларын Илим күнү менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады.

Окумуштуулар дүйнөсү илгертен, кыска аралыктын ичинде стратегия иштеп чыгып, керектүү натыйжага мыйзамдуу жетүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп келгендигин белгиледи.

Бирок бүгүнкү күндөгү илимий коомчулуктун абалына токтолгон Президенттин милдетин аткаруучу учурда биздин илим менен коом биринен обочолонуп жашап жаткандыгын өкүнүү менен билдирди.

“Коомдун каймактары болгон интеллигенциянын мамлекетибиздеги коомдук-экономикалык процесстерге аралашпай калгандыгы өкүндүрөт. Анын башкы себеби, албетте, биринчиден, мамлекет тараптан тийиштүү көңүл бөлүнбөй, окумуштууларыбыз турмуштун оорчулугун жеңе албай жатат. Бирок окумуштуулардын миссиясы мамлекеттик стратегияларды иргеп-ылгап коомго сунуштоо, аткаруу бийлигине артыкчылыктарды аныктоого жардам берүү деп ойлойм. Биз ансыз да көп убакытты жоготтук, тилекке каршы, он жылдап биздин илим системалуу көйгөйлөргө кабылып келет. Илим ушундай тармак, илим болбосо – экономика да, жалпысынан мамлекет да өнүгө албайт. Ал эми илим адамдары – коомдун жүзү”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

 Ал реформа жүргүзүүдө биринчи кезекте илим турушу керектигин кошумчалап, Өкмөт экономиканы турукташтыруу үчүн чоң милдеттерди коюп жатканын, ал эми жаңы технологиялар менен иштин жаңы ыкмалары колдонулбаса, аны ишке ашыруу мүмкүн эместигин белгиледи.

 «Демек, учурда мамлекетибиз илимдин жардамына абдан муктаж болуп тургандыгын баса белгилеп айткым келет. Өлкөнүн өнүгүү жолуна, келечегине – илим менен мамлекеттин биримдиги аркылуу гана жете алабыз деп ойлойбуз. Анткени илим экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүдө, адам ресурстарын пайдаланууда бир кадам алдыга жүрүшү керек. Алдыңкы мамлекеттердин баарында илим абдан өнүккөн. Мамлекетте кайсы бир көйгөй илимге тапшырма берүү менен чечилиши керек», - деп айтты Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу Кыргызстандын илимпоздорунун алдында бир нече тапшырмалар турганын белгиледи. Алар:
- өлкөнүн илимий, илимий-техникалык, социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча негизги багыттарды туура жана натыйжалуу эсептеп, туура прогноздорду жасоо;
- келечектеги илимпоз жаштарды тарбиялап өстүрүү;
- илимий дипломатияны өнүктүрүү.

«Кыргызстан үчүн илимдин башкы изилдөө багыты – экономика болушу керек. Өлкөнүн алдында саясий-экономикалык өзгөрүүлөр, азык-түлүк коопсуздугу, экология, суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, минералдык ресурстардын жаңы кендерин таап, аларды  өздөштүрүү,  медицинада жана айыл чарбасында биотехнологияны өнүктүрүү сыяктуу олуттуу иштер бар. Сиздердин алдыңыздарда ушул мүмкүнчүлүктү ачууга салым кошуу милдети турат. Илим туура жолго багыт алса, мамлекеттик дагы, ишкердик дагы заказдар көбөйөт. Демек, эки тараптын талаптары аткарылат. Илимдер академиясы музейге эмес, иш кайнаган жерге айланат», - деп билдирди Президенттин м.а.
Ошондой ал иштеп жаткан дарыгерлерге, өлкөнүн илимпоздоруна жана алдыңкы эпидемиологдорго коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө кошкон алгылыктуу салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

«Илимдер академиясынын иши ырааттуу, пландуу, башкысы – революциялык маанайда эмес, эволюциялык нукта кетиши керек. Ошондо сиздер, интеллигенциянын атын кайтарып гана тим болбостон, коомубузда лидерлерге айланасыздар. Кантсе да карапайым эл куру популисттерге эмес, илимдүү-билимдүү деп сиздерге көбүрөөк ишенет. Сиздер коомго керексиздер», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президенттин м.а. Академиянын техникалык базасын жаңылоого жана башка муктаждыктарына 300 млн сомго жакын каражат бюджеттен сырткаркы булактардан бөлүнөрүн кошумчалады.

Ошондой эле Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясынын бир катар өкүлдөрүнө илимдин түрдүү тармактарындагы жетишкендиктери үчүн энчилүү сааттарды жана Ардак грамоталарды тапшырды.