Саясат
Садыр Жапаров эки кудасын жогорку кызматка дайындаганынын себебин түшүндүрдү
Элита плюс
Декабрь 15, 2020 г.
Садыр Жапаров эки кудасын жогорку кызматка дайындаганынын себебин түшүндүрдү
© Элита плюс

Бүгүн, 15-декабрдан баштап президенттикке талапкерлердин үгүт иштери башталды. Анын алкагында Садыр Жапаров Талас жергесине барып, эл менен жолугушуу өткөрдү.

Анда Садыр Жапаров жарандардан келген каттарга жооп берип жатып, кудаларын кызматка дайындоосу боюнча түшүндүрмө берди.

"Биз өлкөдөгү туруктуулукту сактоого аракет кылдык. Мен күнү-түнү дебей кадрларды дароо алмаштырдым. Кызмат адамдары банктардан акчаларды алып, чыгарып кетпесин, качып кетпесин деп эки кудам кызматка туруп калышты. Мен муну жашырбайм, моюнума алам. 20-30дай кызмат адамдарды иштен алуу менен биз туруктуулукту сактап калдык. Буюрса, президенттик шайлоо бүтөрү менен кадрлар кызматка сынактык негизде гана алынат. Биз ошондо гана татыктуу адамдарды кызматка алып келебиз.

Бир чындыкты айтып коёюн, бир кудам "ата-мекенчил", дайыма оппозициядагылар менен шайлоого барып, менин Ысык-Көлдөгү добуштарымды бөлүшүп жүрчү", - деди ал.