Президент
Садыр Жапаров эки ири инвестициялык долбоор, Хабибулла Абдукадыр тууралуу оюн билдирди
Элита плюс
Март 11, 2023 г.
Садыр Жапаров эки ири инвестициялык долбоор, Хабибулла Абдукадыр тууралуу оюн билдирди
© Элита плюс

Президент Садыр Жапаров Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү баасы $321 млн түзгөн көп тармактуу заманбап комплекстин жана Орто-Сай айылында 20 миң кишилик заманбап «Ыйман борбору» мечитинин курулушу, ошондой эле бизнесмен Хабибулла Абдукадыр тууралуу суроолорго жооп берди.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

 Саламатчылык.

— Хабибулла Абдукадыр аттуу бизнесмен буга чейинки президенттер менен байланышы болгон, эми азыркы президентке да жол тааптыр дегендер чыгууда. Ал сиз капсуласын салган объекттерде инвестор деп да айтылууда. Ушуга комментарий берсеңиз?

— "Дүйнөлүк бренддеги беш жылдыздуу мейманканаларды Кыргызстанга чакырып жатам. Беш жылдыздуу мейманкана курам дегендерге жер беребиз, 5 жылга чейин салыктын кээ бир түрлөрүнөн бошотобуз" деп жарыя кылдым. Анын негизинде инвесторлор келди. Арасында Хабибулла Абдукадыр дагы бар экен. Биз бул инвесторлорго жер берген жокпуз. Алардын мурда сатып алып койгон жери бар экен, илгерки “Нарын” ресторанынын орду. Ошол жерге беш жылдыздуу мейманкана салып башташты. Баасы 321 млн долларлык 37 кабаттуу мейманкана башталды. Эң бийик биринчи имарат болот. Эки жылда бүтөбүз дешти. Бүткөндөн кийин стабилдүү түрдө 2100 жумушчу орун болот. Такси кызматы, тейлөө кызматтары иштейт. Кыскасы баш айгы болуп 5 миң жумушчу орун пайда болот. Туристтер келет.

Ошондой эле 20 миң адам бата турган, баасы 51 млн доллар турган мечит- медресе салып башташты. Бул мечитти "Аллахтан сооп табабыз" деп Кыргызстан мусулмандары үчүн бекер салып беришмей болду. Курулуш бүтөөрү менен муфтияттын балансына өтөт. Бул мечит-медресе салынып бүткөндөн кийин дин жолуна түшкөн балдар-кыздарыбызды чет өлкөлөргө чыгарбастан өзүбүздөн, өзүбүздүн саясат менен, өзүбүздүн каада-салтыбыз менен окутабыз. Ошого шарт түзүлүп жатат. Буга чейинки ар кайсы өлкөлөрдөн окуп келишип ар кайсы динди, ар кайсы кийимдерди жайылтып жүргөндөрдү бара-бара бир нукка салабыз деген планыбыз бар.

Мындан сырткары, Бишкектин ичинен жер сатып алышып "Бишкек-сити" деп кичи шаарча салмай болушту. Мурда эле пландап жүрүшкөн экен. Бизде тынчтык орнобой бийлик башындагылар бири-бирибиз менен чабыша берип, булар Ташкентке кетип, “Ташкент-ситини” куруп бүтүп калышыптыр. Эми бизде стабилдүүлүк орногондон кийин кайра инвесторлордун баарын чакырдым. Кайра бизге келишти. Кыскасы, Бишкекке баш-аягы бир жарым млрд доллар инвестиция салышат. Мунун эмнеси жаман?

Ал эми мурдагы президенттер менен кандай мамиледе болгону мени кызыктырбайт. Эң негизгиси кылмыш иши жок болсо, издөөдө жок болсо болду. Мага Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, “келгиле, ар кайсы тармакка акча салгыла” деп баарын чакырам.

Кол чаап тосуп алам. Интригадан башы чыкпаган журналисттердин же саналуу адамдардын сын-пикирлеринен коркпойм. Эң негизгиси жаман иш жасап, коррупцияга аралашып кетпесем болдубу? Жалпы эл, Кудай көрүп турат баарын.

Дагы бир элдин эсине салып койчу нерсе. Мурда бажы тармагынан саналуу адамдардын чөнтөгүнө миллиарддаган акчалар агып кирип турган. Ал система азыр жок. Мындан ары да - мен бийлик башында турганда болбойт. Ошол системаны 2021-жылдын аягы барып араң сындырдык. Ошондон кийин мурда бюджетке 38 миллиард сом чогултуп жүргөн бажы тармагы 2022-жылы 78 миллиард сом акча чогултту. Бул деген сөз мурдакы сол чөнтөккө түшүп жүргөн 40 миллард сом акча бюджетке түштү деген сөз. Бул жылы 90 миллиарддан ашырасыңар деп план коюп бердим.

Албетте, коррупцияны жүз пайыз жок кылып салдык дегенден алысмын. Азыр да майда-чүйдө коррупциялары бар. Пенде болгондон кийин пендечилик кылышат экен. Кармалып жатышат. Уурдаганын эки-үч эселеп кайтарып берип бошоп атышат. Бара-бара майда-чүйдө коррупцияларын дагы жок кылабыз. Убакыт керек.

— Сурообузга жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

— Рахмат. Ишиңерге ийгилик каалайм!

Маектешкен Медербек Шерметалиев