Президент
Садыр Жапаров Бишкек шаарында бир катар объектилерди ачат
Элита плюс
Декабрь 29, 2022 г.
Садыр Жапаров Бишкек шаарында бир катар объектилерди ачат
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда, Бишкек шаарында бир катар объектилерди ачат.

Маалым болгондой, мамлекет башчысы «Келечек» балдар реабилитациялык борборунун ачылыш аземине катышат.

Борбор ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоого арналган.

Ошондой эле, Президент – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын ачат.

Иш-чаралар УТРК, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.

“Келечек” балдар реабилитациялык борборунун ачылышын түз чагылдыруу 14:00дө башталат.

ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы казармасынын ачылышы болжол менен 15.00дө.