Саясат
Садыр Жапаров башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевди сунуштады
Элита плюс
Октябрь 21, 2020 г.
Садыр Жапаров башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевди сунуштады
© Элита плюс

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чогулуп, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү караштырууда.

Премьер-министр Садыр Жапаров башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевдин талапкерлигин сунуштады. Бул туурасында ЖК депутаты Талант Мамытов журналисттерге билдирди.

Буга чейин Башкы прокуратураны Өткүрбек Жамшитов жетектеп келген.

Зулушев Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болуп келген. Ага чейин прокуратура жана сот органдарында эмгектенген. 2013-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп кармалган саясатчылар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин карап актап чыгарган. Андан көп өтпөй эле кызматтан алынган болчу.