Коом
Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат
Элита плюс
Март 09, 2021 г.
Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат
© Элита плюс

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 11-12-март күндөрү Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдиргендигин президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

"Кыргызстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштөр экенин белгилеп кетейин. Биз өз ара байланыштардын бардык чөйрөсүндө жогорку деңгээлдеги кызматташтык менен мүнөздөлгөн ынак коңшулук жана достук мамилелерибизди мындан ары дагы өнүктүрүү жана бекемдөө ниетиндебиз", - деди ал.

Алдыдагы иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.

Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында алдыдагы иш сапардын алкагында кыргыз-өзбек бизнес форумун да өткөрүү пландалууда.