Президент
С. Жээнбеков: Элден кечирим сурады
Элита плюс
Октябрь 16, 2020 г.
С. Жээнбеков: Элден кечирим сурады
© Элита плюс

 «Иш болгон жерде кемчиликтер болду. Алар үчүн, кадырман элим, сиздерден кечирим сурайм», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынындагы сөзүндө.

Жээнбеков өз сөзүндө ар бир кыргызстандыкка ден-соолук жана бакыт-таалай тиледи.

«Өлкөбүздүн тарыхы 6-октябрга чейин жана андан кийинки учуру деп өлчөнүп калды. Бул факт. Бул бурулуш бизге эмне алып келет — тарых жана убакыт өз баасын берет. Бул күндөр ар бир кыргызстандык үчүн эң оор күндөр болду. Менин дарегиме колдоо айтуу менен бирге, мамлекет башчысы катары тез арада кырдаалды жөнгө салуу талаптары, катуу сын пикирлер айтылды. Кыйчалыш учурда эмнелер жасалганын азыр кайрадан айтып отурбайын. Болгон күч-аракетимди өлкөнү укуктук талаага кайтарууга жумшадым. Мамлекетибиздеги журт тааныган ишмерлер жана өнөктөштөрүбүз менен консультацияларды жүргүздүм. Жүздөгөн мекендештерим тынчсыздануусун билдирип, кеңештерин айтышты. Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экендигине дагы бир ирет ынандым. Биздин жарандык коом күчтүү жана ачык деп буга чейин айтып келгем», — деди Жээнбеков.

Ал жарандык коом менен массалык маалымат каражаттарынын ушул күндөрдөгү аракеттери, „Кыргызстан — укуктук өлкө“ экендигин далилдөөгө багытталды, деди. Жээнбеков мына ушундай жарандык позициясы үчүн баардыгына ыраазычылык билдирди.

«Опурталдуу күндөрү коомдук тартипти сактаган элдик дружиналар — чыныгы каармандарыбыз болуп калды. Алар Бишкек шаарынын тургундарынын терең сый урматына татыктуу. Учурдан пайдаланып, Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган өнөктөштөрүбүздүн, анын ичинде Россия Федерациясынын, Казакстандын, Америка Кошмо Штаттарынын, Великобританиянын, Бириккен улуттар уюмунун, Евробиримдиктин жана ТүркПАнын жетекчилигине ыраазылык билдирем», — деди ал.

«Мамлекеттин башына эң кыйын учур келгенде, жоопкерчиликти таштап кетип калууга акысы жок« деген элдин үнүн угуп, бул күндөрү болгон аракетимди жумшадым. Мен үчүн — өлкөбүздүн бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат», — деп билдирди өз сөзүндө Сооронбай Жээнбеков.

Ал өлкөдө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп жарбоо максатында президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алгандыгын айтты.

«Албетте, бул чечим коомчулук тарабынан ар кандай кабыл алынууда. Бул туура чечимби же жокпу — тарых жана убакыт таразалайт. Кудай алдында, кадырлуу журтумдун алдында жүзүм жарык. Иш болгон жерде кемчиликтер болду. Алар үчүн, кадырман элим, сиздерден кечирим сурайм. Ар бир мекендешиме ден-соолук жана бакыт-таалай тилейм. Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун», — деди ал.