Ийгилик сыры
Өсүү көрсөткүчү − 517 пайыз! MEGA камтуу аймагын тездик менен кеңейтүүдө
Элита плюс
Апрель 14, 2023 г.
Өсүү көрсөткүчү − 517 пайыз! MEGA камтуу аймагын тездик менен кеңейтүүдө
© Элита плюс

17 жылдыгын утурлай MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору 2022-жылдагы түйүндүн техникалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырды. «Альфа Телеком» ЖАКтын маалыматына ылайык, акыркы беш жыл боюнча алганда отчеттук мезгил ичинде компания тарабынан рекорддук сандагы жаңы базалык станциялар курулуп, ошондой эле мурда ишке киргизилген жабдууларды жаңылоо жумуштары жүргүзүлдү.

«MEGA’нын кызматкерлери түйүндү өнүктүрүү жана оптимизациялоо боюнча тынымсыз иш алып барып, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен түйүндүн камтуу аймактарын интенсивдүү түрдө кеңейтүүнү баштадык. Мындай аракеттер MEGA компаниясына ишеним арткандардын катарын арбытып, абоненттерибиздин санынын көбөйүшүнө жол ача тургандыгын жакшы түшүнөбүз», − деп белгиледи «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Нурлан Мамытов.

MEGA уюлдук операторунун техникалык өнүгүүсүнүн динамикасын статистика далилдеп турат. 2018-жылдан 2022-жылга чейин өлкө боюнча компания 520 базалык станция курган болсо, анын 40 пайызы өткөн жылы ишке киргизилди. Өсүш көрсөткүчү 2022-жылы 2018-жылга салыштырмалуу 517 пайызды түзсө, ал эми 2021-жылга салыштырмалуу 258 пайызды түздү.

«Акционерлердин жылдык жалпы жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлиги MEGA’нын түйүндү интенсивдүү өнүктүрүү стратегиясын жактырып, базалык станцияларды курууну кошумча каржылоо демилгесин колдоду. Байланыш менен камсыздоодо кыйынчылыктар жаралган аймактарга басым жасалып, өлкөбүздүн алыскы аймактарында базалык станциялар курулмакчы. 2023-жылы техникалык өнүгүүнүн темпин сактап калууга жана 200дөн кем эмес базалык станцияны эксплуатацияга берүүгө ниеттенип турабыз», − деди Нурлан Мамытов.

2023-жылга карата коюлган стратегиялык пландарды аткаруунун баштапка жана ишенимдүү кадамдары жасалды. Ушул жылдын январь айында кошумча жабдуу ишке киргизилип, натыйжада 3G жана 4G түйүндөрү MEGA операторунун Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын 32 калктуу конушундагы абоненттерибизге жеткиликтүү болуп калды.

Муну менен катар эле 2023-жылдын февраль-март айларында MEGA’нын адистери тарабынан 2G/3G/4G түйүндөрүн активдүү өнүктүрүү жана Кыргызстандын жети облусунда түйүндүн камтуу аймагын кеңейтүү иштери жүргүзүлдү.

Бишкек, Жалал-Абад, Кант, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Токмок, Чолпон-Ата шаарларында, Шамалды-Сайда MEGA’нын базалык станцияларынын модернизацияланышы 4G байланышынын өткөрүү жөндөмүн бир кыйла жакшыртты. Төмөнкү айылдарда төртүнчү муундагы байланыштын жана мобилдик интернеттин сапаты жакшырды:

  • Баткен облусунун Ак-Татыр, Говсувар, Кызыл-Жол, Миң-Булак, Миң-Өрүк, Таш-Тумшук, үч-Дөбө айылдарында;
  • Жалал-Абад облусундагы Ак-Коргон, Ала-Бука, Дүкүр, Жаңы-Абад, Жаңы-Шаар, Кош-Коргон, Кум, Чек айылдарында;
  • Ысык-Көл облусундагы Ак-Терек, Кара-Ой, Кичи-Жаргылчак айылдарында;
  • Ош облусунун Алчалы, Арап, Борбаш, Гүлстан, Дароот-Коргон, Камыр-Суу, Кыргыз-Ата, Мурдаш, Согонду айылдарында;
  • Талас облусундагы Кызыл-Адыр айылында;
  • Чүй облусунун Бурана, Виноградное, Дөң-Арык, Жайыл, Калдык, Нижняя Серафимовка, Сары-Жон айылдарында.

Базалык станциялардын ишин күчтөндүрүүнүн натыйжасында Балыкчы, Бишкек, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Ош, Токмок шаарларында, Кажы-Жай шаар тибиндеги кыштагында, жана төмөнкү аймактарда 3G түйүнүнүн сигналы жакшырды:

  • Баткен облусунун Ак-Татыр, Говсувар, Кызыл-Жол, Миң-Булак, Миң-Өрүк, Таш-Тумшук, Үч-Дөбө айылдарында;
  • Жалал-Абад облусунун Ажек, Ак-Коргон, Ала-Бука, Баястан, Жаңы-Шаар, Кош-Коргон;
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак айылдарында;
  • Ош облусунун Алчалы, Борбаш, Камыр-Суу, Мурдаш, Согонду айылдарында;
  • Талас облусунун Чоң-Кара-Буура айылдарында;
  • Чүй облусунун Мраморное, Новопавловка, Сары-Жон, Чолпон айылдарында.

Базар-Коргон, Бишкек, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Нарын, Ош, Токмок шаарларында жана төмөнкү айылдарда 2G стандартындагы станциялар модернизацияланды:

  • Баткен облусунун Ак-Татыр, Говсувар, Миң-Өрүк, Таш-Тумшук, Үч-Дөбө айылдарында;
  • Жалал-Абад облусундагы Ажек, Ак-Коргон, Ала-Бука, Жаңы-Шаар, Кажар, Кашкалак, Келте, Кош-Коргон, Тойчубек-Чек айылдарында;
  • Ош облусунун Алчалы, Борбаш, Камыр-Суу, Кашкар-Кыштак, Кош-Коргон, Мурдаш, Согонду айылдарында;
  • Чүй облусунун Жакынкы Арал, Ыраакы Арал, Достук, Кара-Дөбө, Кара-Жыгач, Кичи-Кемин, Кош-Коргон, Ленинское, Милянфан, Рот-Фронт, Садовое, Саз, Сары-Жон, Советское, Чолпон айылдарында.

Мындан тышкары 2023-жылдын февраль-март айларында Жалал-Абад облусунун Ажек айылында, Ысык-Көл облусунун Долон, Кажы-Саз, Коргонду-Булак, Корумду, Миң-Булак, Тогуз-Булак, Чоң-Таш айылдарында, Чүй облусунун Арпа-Тектир айылында 4G’нын жаңы жабдуусу ишке киргизилди.

3G стандартындагы жаңы базалык станциялар Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай, Коргонду-Булак, Талас облусунун Балбал, Козучак, Чүй облусунун Садовое айылдарында орнотулду.

2G стандартындагы станциялар Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай, Коргонду-Булак айылдарында жана Чүй облусунун Арпа-Тектир айылында эксплуатацияга берилди.

Эске салсак, MEGA компаниясынын расмий сайтында жайгаштырылган Интерактивдүү камтуу картасынын жардамы менен, түйүндүн камтуу аймагы тууралуу маалыматтарды онлайн-режимде билип турууга болот.

MEGA – мыктыны тандоо!