Медицина
Рустам ТӨРӨГЕЛДИЕВ, врач-стоматолог, “Русстом” жеке стоматологиялык клиникасынын жетекчиси: “Апамдын ишеничин актай алдым”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Рустам ТӨРӨГЕЛДИЕВ, врач-стоматолог, “Русстом” жеке стоматологиялык клиникасынын жетекчиси: “Апамдын ишеничин актай алдым”
© Элита плюс
Рустам ТӨРӨГЕЛДИЕВ, врач-стоматолог, “Русстом” жеке стоматологиялык клиникасынын жетекчиси: “Апамдын ишеничин актай алдым”
© Элита плюс
Рустам ТӨРӨГЕЛДИЕВ, врач-стоматолог, “Русстом” жеке стоматологиялык клиникасынын жетекчиси: “Апамдын ишеничин актай алдым”
© Элита плюс
Рустам ТӨРӨГЕЛДИЕВ, врач-стоматолог, “Русстом” жеке стоматологиялык клиникасынын жетекчиси: “Апамдын ишеничин актай алдым”
© Элита плюс

“Эшигин көрүп төрүнө өт” деген кеп “Русстом” клиникасына киргенде дароо эске түштү. Жалтыраган тазалык, жылуулук, анан да сылык сыпаа кабыл алуу клиниканын башкы милдети. Чоң ишенимди күчүнө артып, өз алдынча келечекке умтулган Рустам мырза биз сыймыктанчу адистердин катарында. Эмесе кесипкөй адистин кызыктуу маеги назарыңызда...

-Саламатсызбы Рустам, белгилүү тиш доктурдун балалыгы тууралуу сурагым келип турат?

-Бишкек шаарында төрөлгөндүктөн балалыгым борбордо өттү. Кичинемде шоктугу жок балдардын катарын толуктагам. Аламүдүн районундагы №38 мектепти ийгиликтүү аяктаган соң Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян Университетинин стоматология факультетин аяктадым. Апам темир жол кызматкери. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз, карындашым учурда 9-класста окуйт. Бизди билимге сугарып, татыктуу тарбия берүү менен туура жол көрсөтүп келе жаткан адам - бул биздин асыл апабыз.

-Тиш доктур болуу балалык кыялыңыз беле?

-Бул апамдын көрсөткөн багыты болду. Мектепти 2006-жылы аяктадым. Ал кезде компьютерлер актуалдуулугу күчөп турган кез болчу. Ошол себептүү программист болууну көздөдүм. Бирок “перспективдүү кесиптердин катарын толуктайт” деген апамдын кеңеши менен стоматология тармагына бет алдым.

-Кокустан тандалган кесип ээси болуу деле оорчулук жаратса керек, медицина тармагы татаал эмеспи?

-Келечекте өзүмдү программисттердин катарынан элестетчүмүн. Бирок буйрук экен, стоматологияга окуп баштаганда биринчиден апамдын ишеничин актоого, андан соң дасыккан адис болууга аракет кылдым. Медицина жоопкерчиликти талап кылган татаал тармак. Анын татаалдыгы, кылдаттыгы арбап алды. Кызыгуу болсо, бардык кыйынчылыкты жеңүүгө болот.

-Студент кезде кандай студенттердин катарын толуктадыңыз?

-Жалаң окууга берилип, эки жакка чыкпаган студент болдум. Мен үчүн окуу жана үй гана негизги роль ойночу. Бейчеки басуу табиятыма туура келбейт.

-Карьераңыздын ийгиликтүү башталышы менен аз убакыт ичинде стабилдүү бейтап топтой алганыңыздын сыры эмнеде?

-Ар кандай бейтаптар кездешет. Бардыгына сылык-сыпаа мамиле жасоо менен сапаттуу ишке көңүл бөлөм. Демек бир жасаткан тиш сапаттуубу, ал бейтап кийинкиде жакындарын, тааныштарын жөнөтө баштайт. Бейтаптын тишин жасоодо кылдаттык менен оорутпоого аракет кылам. Менимче, жакшы мамиледен баары башталгандай, демек, алар менен жакшы мамиле куруп кетем.

-Бейтаптар менен достук мамилесин сактап каласызбы?

  • Учурунда туура багыт берип, жол көрсөткөн апама ыраазымын. Кесибим аркылуу көптөгөн дос күтүп келем. Кудайга шүгүр, достордун жакшылыгын тең бөлүшүп, туулган күн жана башка кечелерге барып турам. -Жакында өз алдынча жеке клиникаңызды ачтыңыз, жетекчи болуу кандай сезимдерди жаратууда? -Буга чейин стоматологиялык клиниканы ижарага алып иштетчүмүн. Негизинен ижара менен иштөөдө кыйынчылыктар көп болот. Жеке клиникамды ачып, өз алдынча иштөө башкы кыялым эле. Кудайга шүгүр, кыялым ишке ашып турган чак. Жетекчилик кылуу абдан жагууда. Биринчиден өзүңө-өзүң кожоюнсуң, оюңдагыдай талаптар менен иштей аласың. Учурда клиникабыз жабдуулар менен камсыздалып жатат. Коллективимде 3 врач-стоматолог, 3 ассистент жана медайымдар бар. Муну менен чектелбестен клиникабызды чоңойтуу алдыңкы пландарда турат.

  • Жеке клиника ачуу, аны жабдуулар менен камсыздоо башкы маселе, көмөктөшүңүз ким?

-Кыйынчылыксыз иш болбойт, негизгиси акча маселеси. Ишке киргени айлыгымды чогултуп келгеним менен клиника ачууга ал да жетпей калды. Досторума рахмат, колдон келгенин аяшкан жок. Андан тышкары документтештирүү, лицензия алууда кыйынчылыктар болгону менен баары артта калды. Атайын экзамен тапшырып аттестациядан өттүм. Маңдай терим менен ачылды десем жаңылышпайм.

-Ооруну сездирбөөчү ийнелерди ала берүү угуу органдарына зыян дешет. Мунун канчалык чындыгы бар?

-Анын атайын ченеми бар. Ошол ченемдин негизинде гана бейтапка укол беребиз. Мисалы бир кайрылганда 3 же 4 тишке укол берүүгө болот, таасири угуу органдарын жабыркатпайт.

-Учурда актуалдуу болуп жаткан имплант тууралуу учкай кеп...

-Импланттын биринчиден жок тиштин гана ордуна коюлуусу менен артыкчылыгы бар. Бирок кымбат. Ал эми арзан тиш коюуда, мисалы керамика коюуда үч тиш жабыркап жатпайбы. Биздин жаак сөөктөрүбүз эки башка. Мисалы астыңкы жаак сөөктөр катуу болгондуктан 3 айда отурукташып калат. Ал эми үстүңкү жаак сөөктөр жумшагыраак болгондуктан 6 айда орун алат. Бул убакыт аралыгында убактылуу коронкалар коюлат, аны менен катуу чайноого болбойт.

-Сиздин стоматологияда кандай кызматтар тейленет?

-Тишке тиешелүү бардык кызматтар тейленет.

-Колу катуулар тиш доктур боло албайт дешет, буга кошуласызбы?

-Ар кандай тиш доктурлар болот. Балким мунун да чындыгы бардыр. Менин колдорум жумшак, анан да кичинекей (кулүп).

-Тоок жылы эмнеси менен эсте калды?

-Түшүмдүү болду. Биринчиден кыялымда жашап келген жеке клиникамды ачып алдым. Эми жаңы ачылган клиникамдын ишин илгерилетүү керек. Ал үчүн жакшы адистерди алуу башкы маселе болууда.

-Кантип эс алганды жактырасыз?

-Бассейнге барганды жактырам. Андан тышкары машыгуучу залдарга барып турам. Учурдан пайдаланып кыргыз элин кирип келген ит жылы менен куттуктайм. Жергебизде тынчтык жана токчулук орун алып, ар бир үй-бүлөгө ынтымак каалайм. Дени сак жашоодо максатыбызга жетип, бактылуу бололу!

“Элита Plus” 2018-жыл, январь.