Коом
Өрт кырсыктары азайды
Элита плюс
Сентябрь 21, 2020 г.
Өрт кырсыктары азайды
© Элита плюс

Быйыл 8 ай ичинде өрттүн саны 46,2 пайызга азайып, тилсиз жоодон 24 адамдын өмүрү куткарылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Жыл башынан бери 1 миң 477 өрт кырсыгы катталып, мурдагыдан 46,2 пайызга азайган. Өрттүн кесепетинен 14 адам каза таап, 19 адам жабыркаган. Тилсиз жоодон 24 адам куткарылып, 2 млрд 441 млн 300 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. Өрт 913 турак жайда катталган. Келип чыккан өрттүн негизги себептери электр жабдууларын, мештерди коопсуздукту сактабай колдонуудан жана отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан болгон. Көпчүлүгү Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталган.