Аймактар
Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген 51 адам Талды-Булак постунан обсервацияга алынды
Элита плюс
Май 19, 2020 г.
Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген 51 адам Талды-Булак постунан обсервацияга алынды
© Элита плюс

18-майда Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерден 51 адам Талас облусуна келери менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынды. Алардын ар биринен буга чейин 2 жолу ПЧР-анализ алынып, “таза” деген жыйынтык чыккан. Бирок коопсуздук үчүн келген 51 адам Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда уюштурулган обсервацияларга жайгаштырылды. Алардан кошумча ПЧР-анализдер алынып обцервацияга дагы 5 күн жаткырылат.