Коом
Россиядан дагы мекендештер келди
Элита плюс
Август 19, 2020 г.
Россиядан дагы мекендештер келди
© Элита плюс

Екатеринбургдан Бишкекке “Урал аба жолдору” авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен 166 кыргызстандык учуп келди. Алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Каттам дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылган.

Бул каттам менен Бишкекке курч муктаждыктары бар жарандар Екатеринбург, Челябинск, Магнитогорск, Тюмень, Сургут, Салехард, Жаңы Уренгой, Надым, Ноябрьск, Курган, Пермден жана башка шаарлардан келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.