Парламент
Россияда 11 шайлоо участкасы бекитилди
Элита плюс
Сентябрь 03, 2020 г.
Россияда 11 шайлоо участкасы бекитилди
© Элита плюс

Россиянын аймагында Кыргызстандын жарандары үчүн 11 шайлоо участкасы бекитилди. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги билдирди. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Россиядагы мекендештер ошол жактагы шайлоо кеңселеринен добуш бере алат. Алгачкы эки шайлоо участогу Москвадагы элчиликте жайгашкан. Ошондой эле элчиликтин Санкт-Петербург, Красноярск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Екатеринбург, Новосибирск, Южно-Сахалинск жана Сургут шаарындагы кеңселеринде дагы ачылган.