Коом
Россия менен туруктуу каттамдарды ачуу аракети жүрүүдө
Элита плюс
Август 24, 2020 г.
Россия менен туруктуу каттамдарды ачуу аракети жүрүүдө
© Элита плюс

Россия менен сентябрдан тарта туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев "Ала-Тоо 24" каналынын түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан Россия менен сентябрь айынан баштап 4 шаар менен туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.“Биз Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарлары менен каттамдарды калыбына келтирүү маселеси боюнча иштеп жатабыз. Туруктуу рейстер сентябрь айында ачылышы мүмкүн”, - деди ал. Акышев кошумчалагандай, туруктуу каттамдар боюнча Казакстан менен дагы маселе иштелип чыгууда, ошондой эле сунуштар Кувейт менен Өзбекстанга жөнөтүлдү. Белгилей кетсек, Түркияга жана Бириккен Араб Эмираттарына 10-августтан баштап аба каттамдары ачылган.