Коом
Оренбург облусунан Казакстан аркылуу транзит менен Кыргызстан жарандарын чыгарып кетүү макулдашылды
Элита плюс
Август 04, 2020 г.
Оренбург облусунан Казакстан аркылуу транзит менен Кыргызстан жарандарын чыгарып кетүү макулдашылды
© Элита плюс

Россиянын Оренбург  облусунан Казакстан аркылуу транзит менен Кыргызстан жарандарын чыгарып кетүү макулдашылды. Мааламытка ылайык, макулдашуу чет мамлекеттерден жарандарды кайтаруу боюнча Президенттин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруунун алкагында ишке ашты. Кыргызстандын жарандарын Россиядан кайтаруу автобустар колоннасы менен бир нече этапта ишке ашырылат. Биринчи каттам 3-августта кечинде келери күтүлүүдө. Ал эми Тышкы иштер министрлиги Россиядагы кыргыз жарандарын Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасы расмий ачылганга чейин ал жактара барбоого чакырат. Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын чечимине ылайык, Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасында мекендештердин кезектеги топтолушун болтурбоо максатында, Москвадан, Новосибирсктен жана Екатеринбургдан туруктуу негизде Россиядан Кыргызстанга учкан чартердик каттамдардын саны олуттуу түрдө көбөйтүлдү.