Коом
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду: 2 миң 750 долбоор каржыланды
Элита плюс
Август 19, 2020 г.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду: 2 миң 750 долбоор каржыланды
© Элита плюс

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2015-жылдан бери 2 миң 750 долбоорду каржылаган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Элмурат Абдраимов билдирди.

Ал билдиргендей, фонд 2015-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы келишим боюнча түзүлгөн.

"Ошол убактан бери 2 миң 750 долбоорго акча берилген. Алардын ичинен 68 долбоор боюнча ири ишканаларга түз каржылоо болгон. 2 миң 681 долбоорго банктар аркылуу насыя берилген. Жалпы 400 млн доллар берилген. Алар каражаттардын 84%ы аймактарга, калганы Бишкек менен Ош шаарларына берилген", - деди ал.