Спорт
Роберт Левандовский 2020-жылдын мыкты футболчусу аталды
Элита плюс
Декабрь 18, 2020 г.
Роберт Левандовский 2020-жылдын мыкты футболчусу аталды
© Элита плюс

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) жыл мыктыларын аныктоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялады. Мындай маалымат чет элдик спорттук басылмаларда жазылды.

Эң кызыгы Криштиану Роналду Лионель Мессиге добуш берсе, Месси Роналдуга берген эмес.

Роналду биринчи орунга Роберт Левандовскийди, экинчиге Лионель Мессини жана үчүнчү орунга "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Киллиан Мбаппени койгон. Ал эми Лионель Месси биринчи орунга Неймарды койсо, экинчиге Мбаппени жана үчүнчү орунга Левандовскийди койгон.

ФИФА'нын жыйынтыгы боюнча "Бавария" клубуталганнун польшалык чабуулчусу Роберт Левандовский 2020-жылдын мыкты футболчусу аталган.