Ийгилик сыры
Рита КЕРЕЗБЕКОВА, 1-Май районунун прокуратурасынын кызматкери: “Ата-энелик укуктан ажыратуу - оор процесс”
Элита плюс
Декабрь 07, 2020 г.
Рита КЕРЕЗБЕКОВА, 1-Май районунун прокуратурасынын кызматкери:  “Ата-энелик укуктан ажыратуу - оор процесс”
© Элита плюс
Рита КЕРЕЗБЕКОВА, 1-Май районунун прокуратурасынын кызматкери:  “Ата-энелик укуктан ажыратуу - оор процесс”
© Элита плюс
Рита КЕРЕЗБЕКОВА, 1-Май районунун прокуратурасынын кызматкери:  “Ата-энелик укуктан ажыратуу - оор процесс”
© Элита плюс
Рита КЕРЕЗБЕКОВА, 1-Май районунун прокуратурасынын кызматкери:  “Ата-энелик укуктан ажыратуу - оор процесс”
© Элита плюс
Рита КЕРЕЗБЕКОВА, 1-Май районунун прокуратурасынын кызматкери:  “Ата-энелик укуктан ажыратуу - оор процесс”
© Элита плюс

«Эгемен мамлекетибиздин аймагында, коомдук турмушубуздун бардык тармактарында мыйзамдуулуктун так сакталышына көзөмөл жүргүзүүчү бирден-бир орган катары прокуратуранын мааниси жана ролу чоң. Бул тармак бүгүнкү күндө атуулдардын жеке коопсуздугун, мыйзамдык кызыкчылыктарын, укуктарын жана эркиндиктерин коргой турган күчкө айланып, укук коргоо органдарынын катарында өз милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарып келет. Мындай улуу вазыйпаны мойнуна артынып, мыйзамдуулуктун бекемделишине салымын кошуп келаткандардын катарында Рита Керезбекова дагы бар. Ал бул тармактын астанасын 22 жыл мурун аттап, ошондон бери эмгектенет. Прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата биз аны менен кызыктуу маек курдук.

-  Рита Сабырбековна, кесиптик майрамыңыз кут болсун! Мыйзамдуулуктун жана тартиптин бекемделишинде, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жасалып жаткан иш-аракеттериңиздер зор күчкө ээ. Андыктан жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жоопкерчиликтүү ишиңиздердеги ийгиликтерге өбөлгө түзө берсин.

- Рахмат, мен да учурдан пайдаланып жалпы прокуратура кызматкерлерин, кесиптештеримди куттуктайм. Аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлөрүнө бакыт-таалай каалайм. Иштеринде ийгиликтер болуп, жаңы кызматтык бийиктиктерди багындыра беришсин.

- Бардык эле адам «Өмүр жолуңуздагы бактылуу учуруңуз кайсы?» деген суроого «балалыгым» деп жооп берет. Дегеним, сиздин балалык кандай өткөн?

-  Туура, балалыктан өткөн бактылуу учур болбосо керек. Менин бактылуу бала чагым Жумгал районунда өттү. Айылыбыз Баш-Кууганды тоо арасындагы чакан кыштак эле. Адатта балалык тууралуу кеп козгогондо дароо көз алдыңа ата-энең тартылат. Атам Сабырбек Керезбеков кесиби боюнча бухгалтер эле. Колхоздо, билим берүү тармагында иштеди. Апам Бекенбүбү Самудинова айылдагы бала бакчаны 35 жыл жетектеди. Ата-энебиз төртөөбүздү тең катуу кармап, темирдей бекем тартипте тарбиялашты. Аны менен катар кичинебизден эмгекке бышып, чыйрак өстүк. Байкем менен эжем эрте эле окууга кетип сиңдим экөөбүз өзгөчө көп түйшүк тарттык. Мал кароо, суугаруу, үй жыйноо, тамак жасоо, айтор, үйдөгү тириликтин бардыгы биздин мойнубузда болчу. Ошол эле маалда мектепте да жакшы окуп, класском катары коомдук иштерге активдүү катышып, окууну аяктаганга чейин алдыңкы окуучулардын катарында болдум. 1993-жылы орто мектепти аяктап, КУУнун юридикалык факультетине тапшырып, өз күчүм менен өтүп кеттим. Ата-энем менин юрист болушума каршы эле. Алар мени медицина тармагынан көргүлөрү келип дарыгер болуумду каалашчу. “Биздин үйдөн деле бир дарыгер чыкса, биздин ден соолугубузду караса” деп мени жакшы эле көндүрүүгө аракет кылышты. Бирок мен 5-класс болуп, акыл-эс кирген күндөн тарта юристтикти көздөдүм. Прокурор болуу балалык кыялым болчу. Ошондо Чолпон Баекова Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрайымы болуп, башкы прокурорлук кызматтарда иштеп турган кези эле. Ал кишидей болгум келчү. “Башка эле кесипти танда, баары бир ал окууга өтө албайсың, ал жерде кызматчынын, акчалуунун балдары окуйт” деген ата-энемдин сөзүнө карабай окууга тапшыргам.

- Андан кийинки иш тажрыйбаңыз кандай болду?

- Эмгек жолумду 1999-жылы Ысык-Көл облустук прокуратурасында иштөө менен баштап, Кудайга шүгүр, ошондон бери эмгектенип келем. Үч жыл иштеп аздыр-көптүр тажрыйба топтогон соң Бишкекке которулгам. Андан кийин Октябрь, Ленин, Бишкек шаардык прокуратураларында иштеп, прокурордун улук жардамчысы кызматтарын аркаладым. 5 жылдан бери 1-Май райондук прокуратурада прокурордун улук жардамчысы болуп иштеп келем. Күн сайын иш күнүбүздү эртең менен жыйналыштан баштайбыз. Андан кийин сотко жөнөмөй. Мага мамлекеттик айыптоочу милдети жүктөлгөн. Мамлекеттик айыптоочу катары сот иштерине катышам. Кылмыш иштеринде прокурорлук кызматты аркалайм. 22 жылдык иш тажрыйбамдын 18 жылын мамлекеттик айыптоочу катары иштесем, калган төрт жылда жарандык тартиптеги иштерди алып бардым. Негизи бул системада республикалык масштабда алганда аял кишилер аз. Жеке мен үчүн прокурорлук иш оор деле эмес. Эмгек жамаатыбыздагы мырзалар менен теңтайлашып эле иштеп келем. Прокурорлук иш кызматкерлерди аял, эркек деп бөлбөйт, жумуш бардыгына бирдей. Бир дагы жолу өкүнгөн жокмун. Тескерисинче, ушул кесиптин ээси болгонума сыймыктанам. Кесибимди сүйгөндүктөн берилүү менен иштейм. Өзүмдү башка тармакта элестете дагы албайм. Ишиңди, кесибиңди сүйсөң, анын кыйынчылыгы деле көрүнбөйт экен.

- Сиздин көз карашыңызда прокурор деген ким? Форма сиз үчүн эмне, анын күчү, сүрү, жоопкерчилиги жана сыймыгы канчалык?

- Прокурор деген - мыйзамдуулукту сактаган, анын үстүнөн көзөмөлдөгөн, адам укугун коргогон, калыс кызматкер. Форманын өзүнчө сүрү бар. Форма кийген ар бир кызматкер ошого жараша өзүн татыктуу алып жүрүшү зарыл. Аны кийген адамдын жасаган иши, билими, адамгерчилиги, өзүн алып жүрүүсү, айтор, бардыгы төп келиши керек. Андан сырткары прокурор деген мыйзамды туура сактаган, сот процесстеринде адам укугун коргогон адилеттүү адам болушу зарыл.

- Кызматыңыздын мүнөзүңүзгө таасири тийдиби?

- Өзүмө билинбейт, бирок жакын адамдарымдын айтканына караганда, таасири болгондой. “Буйрук берип сүйлөйсүң. Айрым мырзаларга караганда кандай маселе болбосун, дароо чечип, ишти бүтүрөсүң” деп калышат. Алардын айтканына караганда, чечкиндүүмүн.

-  Өзүңүз алып барган кайсы иш эсиңизден чыкпайт?

- Бир жолу жол кырсыгы болуп бир үйдүн жалгыз уулу каза болуп калган. Мындай иште жабырлануучу тарап кечирип, тосмо арыз жазып берсе, иш кыскартылууга жатат. Тактап айтканда, жаза албайт. Ошондо баланын ата-энеси келип тосмо арыз жазып бергенде мен аябай таң калгам. “Жалгыз уулуңар болсо, сүзүп кеткен адамдын жазаланышын каалабайсыздарбы? Эмнеге тосмо арыз жазып бердиңиздер”, - деп таң калып сурасам, “кандай болгон күндө да эми уулубузду  кайтарып ала албайбыз. Бул дагы кырсык, балабыз кайра тирилип келбеген соң бирөөнүн баласын соттотуп эмне пайда тапмак элек. Болор иш болуптур. Балким, биздин тагдыр ушундай, андан кача албайбыз” деп кечирип коюшкан. Кыргыз эли ушунчалык айкөл, кечиримдүү калк болоруна ошондо ынангам. Ошентип, сүзүп кеткен бала жазадан бошотулган.

- Ушул сыяктуу ар кандай ишти алып барасыз, аны менен катар ар кандай тагдырды көрөсүз. Баары бир аялзатысыз, алардын жүрөгү назик келет. Аял, эне катары ошол алып барган ишиңизди ойлонуп, санаа тартып, аяп өзүңүз кыйналган учур болобу?

- Ооба, андай учур көп эле болот.

- Юридикалык жактан сизге кайсы ишти алып баруу кыйынга турат?

- Негизи эле сот процессинде бала талашуу, ата-энелик укуктан ажыратуу эң оор. Андан кийин ал ата-энелик укуктан ажыраган балдарды балдар үйүнө тапшырган учур жүрөктү тилет. Ушул жерден аябай жүрөгүм ооруйт. Ошол балдардын көзүн кароо ушунчалык оор. Кудай андай күнгө жеткирбесин.

 -  Өзүңүздүн чакан мамлекетиңиз туурасында да айта кетсеңиз.

- Окууну жаңы аяктап, Көлгө иштеп барганда ошол жерден жолдошум менен таанышкам. Аты Мирлан, экөөбүз бир жылдай сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ал дагы кесиби боюнча юрист. Кудайга шүгүр, 2000-жылдан бери бактылуу жашап келебиз. Эки кыз, бир уулду тарбиялап жатабыз. Айрым ата-энелердей болуп балдарыбыз биздин жолду жолдоп юрист болсо дебейбиз. Аларга ар дайым: “Өз кесибиңерди өзүңөр тандагыла. Сүйгөн кесибиңер менен иштесеңер гана мыкты адис болосуңар”, - дейм. Бирок улуу кызыбыз баары бир биздин жолубузду жолдоп юридикалык билим алып жатат. Балдарды тарбиялоодо жолдошумдун айтуусунда, мен жумшакмын. “Балдарды алдыда кандай тагдыр күтүп жатканын билбейбиз. Ошондуктан балалык доорун ата-энесине эркелеп, бактылуу өткөрүшү керек”, - деп калам.

- Кыргыз айымдарына үй-бүлө менен жумушун бирдей алып кетүү кыйын. Мамлекеттин жумушунан сырткары да аны кайын журт, үй тиричилиги, бала тарбиялоо деген нерселер күтүп турат. Сизде бул жагы кандай, кантип экөөнү бир алып кеттиңиз?

- Ооба, чынында, бизде бул жагынан бир топ эле кыйын. Убагында менде деле кыйынчылыктар болгон. Бирок Кудай менин бактыма билимдүү, түшүнүктүү өмүрлүк жолдошту жазыптыр. Ошондуктан мага жеңил болду. Ал мени жана менин жумушумду дайыма колдоп, түшүнүп турат. Башка кесиптин ээси болсо жумушумду түшүнбөй, балким, ар кандай келишпестиктер болмок. Бирок экөөбүз бир тармактын адамы болгон соң бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Ал мага өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болду.

- Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?

-  Кесибиме байланыштуу детектив тасмаларды жана тарыхый кинолорду көрөм. Андан сырткары көркөм адабиятка жакынмын. Бала кезимден китепти көп окуйм. Бала кезде үйүбүздүн бир бөлмөсү толтура китеп болчу. Жаңы китеп келери менен кезектешип бардыгыбыз окуп чыкчубуз. Азыр деле жумушумдан жана үй-бүлөмөн ашкан убакытты китеп окууга арнайм. Мурун окуган китептеримди деле кээде кайталап окуй бермейим бар. Анткени ар бир окуган сайын ошол чыгарманын жаңы нерселери ачылып, башкача түшүнөсүң. Акыркы окуган китебим “Чынгызхан” болду.  

- Жашоодо сизди ойлонткон, кыжалат кылган нерсе кайсы?

- Өлкөбүздүн келечеги ойлондурат. Стабилдүүлүк болуп, өнүгүү, алдыга жылуу болсо дейм. Ал эми мени кубандырганы - жакын адамдарымдын амандыгы, үй-бүлөмдүн тынчтыгы жана сүйгөн кесип менен алек болгонум.

Нора МУСАЕВА