Парламент
Республикалык штабдын сall-борбору активдүү иштеп жатат
Элита плюс
Октябрь 04, 2020 г.
Республикалык штабдын сall-борбору активдүү иштеп жатат
© Элита плюс

Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борборуна 52 чалуу болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Негизинен чалуулар шайлоочулар тараптан санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталбашы, айрым жарандар өздөрүн тизмеден таба албай жатканы боюнча болууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору эртең мененки 8:00дон баштап иштеп жатат. Кечки 20:00го чейин чалууларды кабыл алат.

Шайлоочулар электр жарыгынын, Интернеттин жоктугу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тараптан бет кап режиминин, санитардык ченемдердин сакталбашы жана башка мыйзам бузуулар болсо ишеним телефондоруна чалса болот.

Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.

Бул номурларга чалуулар «Кыргызтелеком» ААКтын Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык жүргүзүлөт.