Коом
Республикада коронавирус жана пневмониядан 2 миңден ашык адам дарыланууда
Элита плюс
Сентябрь 24, 2020 г.
Республикада коронавирус жана пневмониядан 2 миңден ашык адам дарыланууда
© Элита плюс

Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 242 адам дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата ооруканаларда 591 бейтап, үй шартында 1 миң 651 адам дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 127 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 757ни түзөт. Алардын ичинен 42 миң 5 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.