Коом
Республикада дезинфекциялоо иштери жүрүүдө
Элита плюс
Сентябрь 02, 2020 г.
Республикада дезинфекциялоо иштери жүрүүдө
© Элита плюс

Өткөн суткада өлкө боюнча 12 миң 600 погондук метр унаа жолу, 6 миң 400 чарчы метр имараттар дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле жалпы КР ӨКМ тарабынан 407 адамга ысык тамак-аш берилген.

"112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 5 640 чалуу катталып, анын ичинен 19 коронавирус боюнча чалуу түшкөн. Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 96 кызматкер жана 10 унаа тартылган", - деп айтылат маалыматта.