Коом
Республикада дагы 304 адамдан вирус аныкталды
Элита плюс
Август 14, 2020 г.
Республикада дагы 304 адамдан вирус аныкталды
© Элита плюс

Кыргызстанда 14-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 304 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 41 миң 373 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 73
  • Ош – 19
  • Чүй облусу – 24
  • Ош облусу - 32
  • Талас облусу – 14
  • Нарын облусу – 5
  • Ысык-Көл облусу – 56
  • Жалал-Абад облусу – 39
  • Баткен облусу - 42