Коом
Республикада 581,5 миң тонна буудай жыйналды
Элита плюс
Сентябрь 16, 2020 г.
Республикада 581,5 миң тонна буудай жыйналды
© Элита плюс

 Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 581,5 миң тонна буудай жыйналды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал учурда өлкөдө оруп-жыйноо иштери жүрүп жатканын белгилеп өттү.

"Республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн 393 миң гектары жыйналды (жалпы анттын 84,3%ы). Чүй облусунда буудайды жыйноо иштери толугу менен бүттү. Талас, Ысык-Көл, Нарында жана Алай жергесинде жыйноо иштери жүрүүдө. Ал эми арпа жыюу жумуштары өлкөбүздө жакынкы арада аягына чыгат. 4-сентябрга карата республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин дүң түшүмү 1 млн 41,5 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 100 миң тоннага көп болууда. Анын ичинде 581,5 миң тонна буудай жыйналып, былтыркыга караганда 66,9 миң тоннага көп болууда", - деди ал.

Анын айтымында, жашылча-жемиш, бакча өсүмдүктөрүнүн жалпы дүң жыйымы 1 млн 438,9 миң тоннаны түзүүдө. Ал өткөн жылга салыштырмалуу 104,4 миң тоннага көп болууда (2019-жылы – 1 млн 334,5 миң тонна болгон).

"Пахта жыйноо 6-сентябрдан тартып башталды (Араванда). Быйыл кант кызылчасы 8,4 миң га жерге айдалган (2019-жылы – 14,4 миң га). Республикада кумшекер өндүрүүчү 2 ишкана иштейт: "Кайыңды Кант" жана "Кошой" заводдору. 2019-жылы ал кант заводдору тарабынан 761 миң тонна кант кызылчасы кайра иштетилип, 99,6 миң тонна кумшекер өндүрүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата кант заводдорунда, соода борборлорунда жана калктын колунда 31 миң тонна кумшекердин запасы бар. Кызылчанын быйылкы түшүмүн жыйноо эми башталат. Буюрса, элибиз кант жагынан камсыздалышында маселе болбойт", - деди ал.

Ал билдиргендей, Кыргызстан өзүн картошка менен 106,2%га, жашылчалар менен 133%га камсыздай алат.

"Ал эми өсүмдүк майы менен өзүбүздү өзүбүз камсыздоо болгону 33,1%ды түзүүдө, 67%ын сырттан алабыз", -деди ал.