Коом
Республикада 3 млн 451,4 миң шайлоочу бар
Элита плюс
Сентябрь 03, 2020 г.
Республикада 3 млн 451,4 миң шайлоочу бар
© Элита плюс

Кыргызстанда 3 млн 451,4 миң шайлоочу бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоого караганда быйыл шайлоочулардын саны 667,7 миңге көбөйгөн.

"Бүгүнкү күнгө карата шайлоочулардын жалпы саны 3 млн 451,4 миң адамды түздү. Тизмелер tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылып, шайлоо тилкелерине илинди. Урматтуу жарандар аталган порталга кирип тизмеңиздерди тактап алсаңыздар болот", - деди ал.