Коом
Республикада 10 миңден ашык бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда
Элита плюс
Июль 28, 2020 г.
Республикада 10 миңден ашык бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда
© Элита плюс

Кыргызстанда ооруканаларда 10 миң 227 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 4 миң 428 адам жана 5 миң 799 бейтап пневмониядан дарыланууда.

Бишкек шаарында 4 миң 195 киши, Ош шаарында – 611, Чүй облусунда – 1 миң 263, Ош облусунда – 1 миң 210, Нарын облусунда – 227, Ысык-Көл облусунда – 991, Жалал-Абад облусунда – 839, Талас облусунда – 367, Баткен облусунун ооруканаларында 524 бейтап дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 548 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 33844тү түзөт. Алардын ичинен 22296 киши айыгып чыкты, 1329 адам каза болду.