Коом
Республика боюнча сутка ичинде 1 131 жаран илдеттен айыкты
Элита плюс
Июль 30, 2020 г.
Республика боюнча сутка ичинде 1 131 жаран илдеттен айыкты
© Элита плюс

Кыргызстанда дагы 1 миң 131 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 415 киши, Ош шаарында – 77, Чүй облусунда – 165, Ош облусунда – 86, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 148, Жалал-Абад облусунда – 112, Талас облусунда – 42, Баткен облусунда 62 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 24 миң 474кө жетти.