Коом
Республика боюнча 289 бала бакча реалдуу режимде иштеп жатат
Элита плюс
Декабрь 08, 2020 г.
Республика боюнча 289 бала бакча реалдуу режимде иштеп жатат
© Элита плюс

Республика боюнча 289 бала бакча реалдуу режимде иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев билдирди.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунда 3 муниципалдык, 1 ведомстволук, 17 жеке менчик, Ош облусунда 61 мамлекеттик-муниципалдык, 18 жеке менчик, Баткен облусунда 53 муниципалдык, 21 жеке менчик, Чүй облусунда 18 муниципалдык, 43 жеке менчик, ошондой эле Бишкек шаарында - 52 жеке менчик жана 2 ведомстволук мектепке чейинки билим берүү мекемелери реалдуу режимде иштөөдө.

Марат Усеналиевдин айтымында, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык борборлору тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарына мониторинг жүргүзүү, дезинфекциялоо жана уюмдардын толук кандуу иштөөгө даярдоо боюнча иштер улантылууда.