Коом
"Реформа" партиясы 5 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн сот аркылуу өндүрөт
Элита плюс
Октябрь 22, 2020 г.
"Реформа" партиясы 5 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн сот аркылуу өндүрөт
© Элита плюс

"Реформа" партиясы 5 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн сот аркылуу өндүрүп алууну ниеттенишүүдө. 

Ал эми БШКнын маалыматына ылайык, босого күрөөсүн кайтарып берүү буга чейин болгон эмес, жана бул маселе мыйзамда каралган эмес. 

Буга чейин БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов,  "Биз сунушубузду депутаттардын кароосуна жөнөттүк. Сөз шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө болуп жатат. Буга чейин мындай болгон эмес. Ушундай түзөтүүнү киргизишсин", - деп айткан. 

Эскерте кетсек, саясий партиялар Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн 5 миллион сом күрөө төлөшөт. Шайлоо жарышына 16 саясий партия катышкан. Бардыгы болуп күрөөгө 80 миллион акча чогултулган. Бирок жыйынтыгында шайлоо жараксыз деп табылды.