Коом
Референдумга 9 үгүт тобу каттоодон өттү
Элита плюс
Декабрь 24, 2020 г.
Референдумга 9 үгүт тобу каттоодон өттү
© Элита плюс

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 24-декабрда, мамлекеттик органдардын айрым жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.

Анда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого жана референдумга карата даярдыктар тууралуу маалымат берди.

"Президенттикке 18 талапкер катталды. 15-декабрдан баштап шайлоо өнөктүгүнүн эң активдүү этабы болгон, үгүт процесси өтүп жатат. Жарандар талапкерлер тууралуу толук кандуу маалымат алуу үчүн "Талапкер" деген портал иштеп жатат. Ошол эле учурда Референдумга төмөндөгү 9 үгүт тобу каттоодон өттү. Президенттик республика үчүн - 4 үгүт тобу, Президенттик республикага каршы - 1 үгүт тобу, Парламенттик республика үчүн - 2 үгүт тобу, бардык варианттарга каршы - 2 үгүт тобу. Үгүт топтору үчүн да толук кандуу маалымдоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлүп берилет. Басылма, эфирдик убакыт бөлүнөт", - деди Нуржан Шайлдабекова.