Ийгилик сыры
Рамис МАМБЕТАЛИЕВ, “Кумтөр-Биримдиги” кесиптик бирлигинин төрагасы: “Биз кулча иштеп, байча жашайбыз”
Элита плюс
Май 05, 2023 г.
Рамис МАМБЕТАЛИЕВ, “Кумтөр-Биримдиги” кесиптик бирлигинин төрагасы:  “Биз кулча иштеп, байча жашайбыз”
© Элита плюс

Кечээ, 4-майда “Кумтөр-Биримдиги” кесиптик бирлигинин 25 жылдык мааракесине арналган иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Салтанаттуу иш-чарага ЖК депутаттары, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, банктардын жетекчилери, журналисттер, маданият тармагынын өкүлдөрү ж.б. катышты. Жаш болсо да, баш болгон аталган кесиптик бирликтин төрагасы Рамис Мамбеталиев баардык эмгек жамаатын куттуктап, “Өлкөнүн экономикасын өстүрүүгө, мамлекеттин  казынасын толтурууга жана кыргыз өндүрүшүн өндүрүүдө ар бириңиздердин салымыңыздар ат көтөргүс. Андыктан, баарыңыздарды 25 жылдык мааракебиз менен куттуктайм. Биз кулча иштеп, байча жашайбыз” деген жалындуу оюн билдирип, “Кумтөр-Биримдигинин” ардагер кызматкерлерине таазим кылды.

“Кумтөр-Биримдигинин” легендарлуу 75 жаштагы ардагери Ракым ата “Рамис уулум, Кудай колдоп, иштей бер! Бул бирликтин жетекчилерин да алмаштырып көрдүк. Болбойт экен. Сендей иштей турган, демилгелүү жаштарды иштетели. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт. Сенин эмгекчилер үчүн жасап жаткан ар бир алгылыктуу аракеттериңди 100 пайыз колдойм” деп алакан жайып, ак батасын арнады.

“Кары келсе ашка, жаш келсе ишке” демекчи, чындап эле кызматкерлердин укугун мыйзам чегинде коргоп, климаты оор шартта эмгектенген эмгекчилердин социалдык абалын жакшыртууга жан үрөгөн Рамис Мамбеталиев жетектеген 8 жылдан бери “Кумтөр-Биримдигинин” иши илгерилеп, бир топ чоң-чоң өзгөрүүлөр болуптур. Бул боюнча салтанаттуу иш-чарада көрсөтүлгөн видео тасма баарын тастыктап берди.

“Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон. Андыктан, “Кумтөр-Биримдиги” кесиптик бирлигинин төрагасы Рамис Мамбеталиевдин жана жалпы эмгек жамаатынын иштерине ийгиликтерди каалайбыз. “Кумтөр-Биримдиги” 100 жылдарды карытсын!

Иш-чаранын жүрүшүндө жемиштүү кызматташтыгы жана “Кумтөр-Биримдиги” кесиптик бирлиги уюмунун ишине кошкон орчундуу салымы үчүн Ардак грамота жана медаль менен бир катар адамдар сыйланышты. Сыйлыктары кут болсун!