Дүйнөдө
Рахмон кайрадан президенттикке талапкер болобу?
Элита плюс
Сентябрь 04, 2020 г.
Рахмон кайрадан президенттикке талапкер болобу?
© Элита плюс

Дүйшөмбүдө Тажикстан Элдик Демократиялык партиясынын (ЭДП) кезексиз курултайы болуп, анда делегаттар бир добуштан президенттикке талапкер Эмомали Рахмонду көрсөтүштү. Бул тууралуу Asia-Plus билдирди.

Ага ылайык, курултайга Тажикстандын бардык облустарынан жана шаарларынан миңден ашуун делегаттар катышкан.

Курултайга ЭДП лидери Эмомали Рахмон өзү катышкан жок. Съезддин жүрүшүндө ал бүгүн 25 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Тажикстандын Улуттук Гвардиясында болду.

Буга чейин республиканын учурдагы президенти дагы бир жолу Тажикстандын Көзкарандысыз Профсоюздар Федерациясы жана Республиканын Жаштар Союзу тарабынан мамлекет башчылык кызмат ордуна сунушталган.

Өлкөнүн жети саясий партиясынын бешөө өз талапкерлерин чечти:

  • Рустам Латифзода Агрардык партиядан талапкер болуп көрсөтүлдү.
  • Социалисттик партия өзүнүн төрагасы Абдухалим Гаффоровдун талапкерлигин көрсөттү.
  • Тажикстандын Демократиялык партиясы өзүнүн лидери Саиджафар Усмонзоданы сунуштады.
  • Тажикстандын Экономикалык реформалар партиясы дагы лидери Рустам Рахматзоданы (Кудратов) көрсөттү.

5-сентябрда өлкө Коммунисттик партиянын шайлоо курултайында өз талапкерин көрсөтөт.

Тажикстандын Социал-демократиялык партиясы президенттик шайлоого бойкот жарыялоону чечти.

Эске салсак, Тажикстанда президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт.