Коом
Путинге кат жазган Рустам Кремлден Жаңы жылдык белек алат
Элита плюс
Декабрь 17, 2020 г.
Путинге кат жазган Рустам Кремлден Жаңы жылдык белек алат
© Элита плюс

Бишкек шаарынын 7 жаштагы окуучусу Рустам Ташматов Орусиянын президенти Владимир Путинге кат жазды. Анда ал Путинден даамын татып көрбөгөн Тула таттуусун (тульский пряник) белек катары сураган. Ошондой эле окуучу президентке "Газпром" же "Роснефть” компанияларынын акционери болгусу келерин жазган.

"Комсомольская правда" басылмасы баланын атасы Алишер Ташматов менен байланышты. Ал баласы катты өзү жазганын айтып берди. "Ал мага даяр катты көрсөтүп: "Мына, жибер!" деди. Биринчиден, анын ката кетирбей жазылганына аябай кубандым. Мен уулумдан эмне үчүн Тула таттуусу (тульский пряник) деп сурадым. Балдар көбүнчө телефон же компьютер сурайт го десем, ал "Булар өтө кымбат белектер. Акчаны үнөмдөп дагы канча баланы куттуктаса болот" деп жооп берди. Кремлден күтүлбөгөн жооп 17-декабрга караган түнү келген", - деди ал.