Дүйнөдө
Путин Жо Байденди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Элита плюс
Декабрь 15, 2020 г.
Путин Жо Байденди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
© Элита плюс

Орусиянын президенти Владимир Путин Жо Байденди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, Владимир Путин Жо Байденди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, ага саясаттагы ийгиликтерди каалаган.

"Биз сиз менен ар тараптуу кызматташууга даярбыз", - деген Владимир Путин.

Маалым болгондой, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Добуштардын саны боюнча Жо Байден алдыга чыгып, ал өзүн жеңүүчү деп атаганы менен, АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп оппонентинин жеңишин алгачкы күндөрү кабыл албай, сотко кайрылганы айтылган.

Ага карабастан Жо Байден керектүү добуш топтоп, жеңишке жетишкендигин көпчүлүк басылмалар жазып чыгышты. Мындан тышкары, көптөгөн дүйнөлүк лидерлер аны жеңиши менен куттукташкан.

АКШнын 46-президентинин инаугурациясы 2021-жылдын 20-январында өтөрү жазылат маалыматта.