Спорт
Путин менен эки ирет маектешкен, самбо жүгүн көтөргөн Нурлан Токоноев
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Путин менен эки ирет маектешкен, самбо жүгүн көтөргөн Нурлан Токоноев
© Элита плюс
Путин менен эки ирет маектешкен, самбо жүгүн көтөргөн Нурлан Токоноев
© Элита плюс
Путин менен эки ирет маектешкен, самбо жүгүн көтөргөн Нурлан Токоноев
© Элита плюс
Путин менен эки ирет маектешкен, самбо жүгүн көтөргөн Нурлан Токоноев
© Элита плюс
Путин менен эки ирет маектешкен, самбо жүгүн көтөргөн Нурлан Токоноев
© Элита плюс
Путин менен эки ирет маектешкен, самбо жүгүн көтөргөн Нурлан Токоноев
© Элита плюс

13-майда Кыргыз Республикасынын самбо федерациясынын президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, КРнын улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү, самбо жана дзюдо боюнча СССРдин спорт чебери, КРнын эл аралык спорт чебери, Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын жана дүйнө кубогунун, СССР кубогунун жеңүүчүсү, полковник Нурлан Токоноев 50 жашка чыкты. Эл аралык самбо федерациясынын ардактуу президенти Владимир Путин менен эки ирет кездешип, аңгемелешкен Нурлан Токоноев тууралуу.

Спортко арналган балалык

  • Ар жылы эгемен Кыргызстанды самбо күрөшү боюнча дүйнөгө, Азияга таанытып, жыл сайын 20-30 медаль утуп жүргөн спортчуларды жетектеп, аларга дем-күч берип, демөөрчү таап, кем-карчын түгөлдөп, машыгууларына шарт түзүп, Самбо федерациясын 17 жылдан бери жетектеп келаткан мекенчил жигит Нурлан Токоноевди спорт коомчулугу жакшы билет. Ал 1969-жылы 13-майда Фрунзе шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Ысыражидин инженер болсо, апасы Динара - көз дарыгери. Нурлан - төрт бир туугандын улуусу. Карындаштары Замира - дарыгер, Гүлзира - банкир, Гүлмира - салык кызматкери. Нурлан - бир уул, эки кыздын атасы. Уулу Эрмек - студент, кыздары Айдай менен Айбийке - мектеп окуучулары. Жубайы Жаркынайдын кесиби - балдар дарыгери. Уулу да ата жолун жолдоп самбо күрөшү, футбол менен машыгат. Ал эми кыздары жеңил атлетика боюнча мелдештерге катышып жүрүшөт. Нурлан 1982-жылдан бери, тагыраагы, өспүрүм кезинен баштап самбо жана дзюдо менен машыгып, союздук мелдештерге катышып жашынан өлкөнүн намысын коргогон.

Оттон, суудан кайра тартпаган жаштык кез

  • СССРдин чемпионаттарында жана кубогунда коло байге уткан. 1993-жылы Тегеран шаарында кыргыз жигиттеринен алгачкы болуп «А» категориясындагы Азия чемпионатында алтын медаль тагынган. Таймашуулардын курчтугунан жана чеберчиликтин жогору болгондугунан бул мелдешти дүйнөнүн кичи чемпионаты деп атап коюшкан. 1995-жылы дагы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында Азия чемпиону аталып баш байгенин ээси болгон. Самбо күрөшүнүн негиздөөчүсү А.Харлампиевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болгон. СССРдин бүткүл союздук «Динамо» спорт коомунун биринчилигинин жеңүүчүсү. Самбо күрөшүнөн СССРдин кубогунда 3-орунду ээлеген. 1992-жылы Минск шаарында өткөн СССРдин чемпионатында коло медаль тагынган. Дзюдо жана самбо күрөшү боюнча эл аралык, союздук турнирлерде байгелүү орундарды камсыз кылган.

Үч диплом ээси

  • Нурлан үч жогорку окуу жайын бүтүргөн. Алгач Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун, кийин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын, Кыргыз Республикасынын дипломатия академиясын бүткөн. Советтик армиянын катарында Орусиянын Свердловск шаарында спорт ротада кызмат кылган. Эмгек жолун 1989-жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин “ОМОН” атайын өзгөчө кырдаалдар отрядында бөлүм башчы болуп баштаган. 1995-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги антитеррордук “Калкан” тобунун бөлүм башчысы болуп эмгектенген. Подполковник, 2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеңешчиси болгон. 2008-жылдан 2017-жылга чейин Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин жетекчисинин орун басары, бөлүм башчысы болуп иштеген. Учурда запастагы полковник.

17 жылдан берки президент

  • 2002-жылдан бери Кыргызстандын самбо күрөш федерациясынын президенти. 2004-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын вице-президенти болгон. Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу деген ардак наамдын ээси. Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. «Дене тарбия жана спорттун мыктысы» төш белгисинин ээси. Беш жыл катары менен «Жылдын мыкты федерация жетекчиси» деген сыйлыктын ээси болгон.

Путиндин демилгесин колдоп

  • Самбо федерациясынын жетекчиси катары дүйнө, Азия чемпионаттарына, кубокторуна Кыргызстандын командасын жетектеп барып Эл аралык самбо федерациясынын ардактуу президенти Владимир Путин менен эки ирет жолугуп, самбо күрөшүн жайкы олимпиадалык оюндардын жадыбалына киргизүү демилгесин колдогон. Самбо күрөшү 2020-жылы Токио олимпиадасында көрсөтмөлүү оюн катары кирсе, 2024-жылкы олимпиадалык оюндардын жадыбалына кирмек болуп турган чагы. Ар жыл сайын Нурландын шакирттери Азия жана дүйнө чемпионаттарында, кубокторунда 20-30 медаль утуп Кыргызстанды даңазалап келатат. Анын демилгеси, аракети менен Кыргызстандын 7 облусунда Самбо федерациялары уюштурулуп, 70ке жакын машыктыруучу өспүрүмдөрдү машыктырып келет. Ар бир облуска, ири шаарларга самбо күрөшү үчүн ар биринин баасы 6-7 миң АКШ долларынан турган 15 килем алып берүү демилгесин ишке ашырган.

Ондогон шакирттери - дүйнө, Азия чемпиондору

  • Ысык-Ата районунун Көк-Жар айылына Самбо күрөш борборун курууга жер бөлдүрүп атайын зал салдыра баштады. Республика боюнча ар жыл сайын өспүрүмдөр, жаштар жана эр азаматтар арасында 50-60 мелдеш, турнир уюштуруп турат. Анын шакирттери Мидин Арыкпаев, Талас Бегалиев ардагерлер арасында самбо күрөшүнөн дүйнө чемпиону болушкан. 2017-жылы Бекназар Райимкул уулу самбо боюнча Азия жана дүйнө чемпионаттарында алтын медаль тагынган. Анын шакирттеринин 17 жылдагы спорттогу ийгиликтерин айта берсек, кагаз бети чак келбейт. Өзү да жаштарга үлгү, өрнөк болуп ар жумада күрөш залына барып тажрыйбасын бөлүшүп, самбо күрөш сырларын шакирттерине үйрөтүп турат.

Кабыл МАКЕШОВ, спорт баяндамачысы