Дүйнөдө
Путин келерки аптада Бишкекке келет
Элита плюс
Декабрь 04, 2022 г.
Путин келерки аптада Бишкекке келет
© Элита плюс

Орусиянын президенти Владимир Путин келерки аптада, 5-11-декабрда Бишкекке Евразиялык биримдиктин саммитине катышуу үчүн келерин журналист Павел Зарубиндин Telegram каналында билдирди.

Ноябрда орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитине катышарын ырастаган.