Спорт
"ПСЖ" - "Истанбул Башакшехир" беттеши бүгүн болот
Элита плюс
Декабрь 09, 2020 г.
"ПСЖ" - "Истанбул Башакшехир" беттеши бүгүн болот
© Элита плюс

Чемпиондор Лигасындагы Франциянын "ПСЖ" жана Түркиянын "Истанбул Башакшехир" командаларынын ортосундагы расисттик жаңжалдан улам токтотулган беттеш бүгүн, 9-декабрь күнү болот. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, оюн Бишкек убактысы боюнча саат 23:55те башталат жана оюндун калыстары толук курамы менен алмашат. Бул беттештеги башкы калыстык милдет нидерландиялык Дэнни Маккелиге жүктөлдү.