Саясат
"Прокуратура кызматкерлери Зулушевге нааразы болушууда" деген чындыкка дал келбейт
Элита плюс
Ноябрь 07, 2020 г.
"Прокуратура кызматкерлери Зулушевге нааразы болушууда" деген чындыкка дал келбейт
© Элита плюс
"Прокуратура кызматкерлери Зулушевге нааразы болушууда" деген чындыкка дал келбейт
© Элита плюс
"Прокуратура кызматкерлери Зулушевге нааразы болушууда" деген чындыкка дал келбейт
© Элита плюс

Ушул жылдын 6-ноябрында Oper. kg сайтына чыккан "Прокуратура кызматкерлери Зулушевге нааразы болушууда" деген макала чындыкка дал келбейт. Анткени, Курманкул Зулушев Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп ушул жылдын 21-октябрында дайындалды. Андан бери бир дагы кадрдык алмаштыруулар, дайындалуулар болгон жок. Мындан сырткары Башкы прокурор 4-ноябрдагы маалымат жыйында "жетекчилик келет-кетет, ал эми кесипкөй кадрлар ар бир мекеменин сыймыгы болуп саналат. Ошондуктан биз кесипкөй адистерди негизи жок алмаштыруулардан оолак болушубуз керек", - деп билдирген.

Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн коомчулукка такталган жана далилге негизделген макалаларды гана жеткирүүнү суранабыз. Ал эми элди адаштырууга түрткөн жогорудагыдай далилсиз, жөнү жок каралоо өңдүү маалыматтарды тактоо иретинде биз мыйзам чегинде күрөшүүгө даярбыз.

 

КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы