Саясат
Президенттин Аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус чыкты
Элита плюс
Июнь 26, 2020 г.
Президенттин Аппаратынын  8 кызматкеринен коронавирус чыкты
© Элита плюс

Президенттин Аппаратынын  8 кызматкеринен коронавирус чыкты. Алар Орусиядан келген делегаттардан кийин ализдердин жыйынтыгы боюнча 8 кызматкеринен коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.

Белгилей кетсек, бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.

Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда.