Президент
Президенттин администрациясынын штаттык саны кыскарды
Элита плюс
Апрель 03, 2023 г.
Президенттин администрациясынын штаттык саны кыскарды
© Элита плюс

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны оптималдаштырылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Бул чечим чечимдерди кабыл алуу процессинин эффективдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана оптималдаштыруусун жогорулатуу, ошондой эле республикалык бюджетти натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, президенттин администрациясынын жалпы штаттык саны 72 штаттык бирдикке кыскартылып, 259 адамды түздү.

Жүктөлгөн функцияларды рационалдуу аткаруу максатында айрым түзүмдүк бөлүмдөр кайра түзүлдү жана бириктирилди, бир катар кызматтар жоюлду.

Ошону менен бирге бошотулган штаттык бирдиктердин эсебинен аймактарды өнүктүрүү маселелерине жооптуу, ошондой эле ар кайсы чөйрөлөрдө иштин абалына ар тараптуу талдоо жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөр күчөтүлдү.