Коом
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Д.Орунбеков: "Биринчи айым акча таратып жатат деген чындыкка дал келбейт"
Элита плюс
Март 27, 2023 г.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Д.Орунбеков: "Биринчи айым акча таратып жатат деген чындыкка дал келбейт"
© Элита плюс
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Д.Орунбеков: "Биринчи айым акча таратып жатат деген чындыкка дал келбейт"
© Элита плюс

Социалдык тармактарда биринчи айым Айгүл Жапарова акча таратып жатат деген чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, маал-маалы менен биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар. "Бул баракча Айгүл Жапаровага таандык эмес. Ошондуктан мындагы маалыматка ишенип, алданып калбоого чакырабыз", - деди Орунбеков.