Саясат
Президенттикке талапкерлердин бюллетендеги номерлери аныкталды
Элита плюс
Декабрь 19, 2020 г.
Президенттикке талапкерлердин бюллетендеги номерлери аныкталды
© Элита плюс

Бүгүн, 19-декабрда БШК президенттин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, шайлоо бюллетендериндеги талапкерлердин тизмеси төмөндөгүдөй болду:

1. Садыр Жапаров;

2. Канат Исаев;

3. Мыктыбек Арстанбек;

4. Клара Сооронкулова;

5. Имамидин Ташов;

6. Рашид Тагаев;

7. Абдил Сегизбаев;

8. Адахан Мадумаров;

9. Аймен Касенов;

10. Улукбек Кочкоров;

11. Жеңишбек Байгуттиев;

12. Элдар Абакиров;

13. Курсан Асанов;

14. Арстанбек Абдылдаев;

15. Равшан Жээнбеков;

16. Бактыбек Калмаматов;

17. Бабыржан Тольбаев;

18. Каныбек Иманалиев.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Жарандар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.
https://www.super.kg/kabar/news/337873/