Саясат
Президенттикке талапкерлердин 14ү күрөө акчасын төлөдү
Элита плюс
Декабрь 03, 2020 г.
3-декабрь саат 11:00гө карата президенттикке талапкерлердин 14ү күрөө акчасын төлөдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзамга ылайык, бүгүн түнкү саат 00:00гө чейин президенттикке аттанган бардык талапкерлер 1 миллион сом өлчөмүндөгү күрөө акчасын төлөшү керек.