Саясат
Президенттик шайлоо 6-ноябрга чейин жарыяланышы керек
Элита плюс
Октябрь 19, 2020 г.
Президенттик шайлоо 6-ноябрга чейин жарыяланышы керек
© Элита плюс

Президенттикке шайлоону Жогорку Кеңештин депутаттары жарыялашат. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев жергиликтүү маалымат булактарына билдирди.

Анын айтымында, парламенттин депутаттары президенттик шайлоонун күнүн 6-ноябрга чейин аныкташы керек.

«Президенттик жана парламенттик шайлоону чогуу өткөрсө болот. Ага 400-450 миллион сом сарпталышы мүмкүн», — дейт Кайрат Осмоналиев.

Белгилей кетсек, президенттин отставкасынан кийин үч ай ичинде шайлоо өтүүсү зарыл. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда отставкага кетти.