Президент
Президент Жээнбеков быйыл Венгрияга барат
Элита плюс
Сентябрь 18, 2020 г.
Президент Жээнбеков быйыл Венгрияга барат
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл Венгрияга барат. Мамлекет башчынын иш сапары эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдейт деген оюун Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков венгриялык кесиптеши Петер Сийярто менен Будапешт шаарындагы жолугушуу учурунда айтты. Ал -Кыргызстан Венгрияны эл аралык аренада туруктуу жана маанилүү өнөктөш деп эсептейт. Кыргызстанда Венгриянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы жана коронавируска каршы күрөшүүдө гуманитардык жардам берүүнүн алкагында Бишкек шаарына келип кетишиңиз биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин ачык-айкындыгынан кабар берет деди. Муну менен катар эле Чыңгыз Айдарбеков Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь жана Будапешттеги Түрк кеңешинин аткаруучу директору Янош Ховари менен жолугушту. Венгер тарапка Бишкек жана Будапешт мэрияларынын ортосундагы кызматташуу боюнча сунуш берилди. Ошондой эле фармакология тармагындагы иш алып барган Gedeon Richter ишканасынын келечектеги иш пландары менен да таанышып, кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.