Президент
Президент Жалал-Абад облусундагы өнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Элита плюс
Август 13, 2020 г.
Президент Жалал-Абад облусундагы өнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты
© Элита плюс

Аймактардагы ишкерлерди колдоо мамлекеттин артыкчылыктуу милдети бойдон калат. Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Жалал-Абад облусунун өнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда айтты. Мамлекет башчысы Сузак районунда жайгашкан «Шахдан» жоопкерчилиги чектелген коомуна барды. Компаниянын негиздөөчүсү Данияр Сулайманов Сооронбай Жээнбековго ишкана 2020-жылдын январынан тартып иштеп баштаганын маалымдады. Завод Түркиядан импорттолгон грек жаңгагынын данегин кургатуу жана сорттоо, күн карама данын тазалоо, сорттоо жана таңгактоо, мистени сорттоочу жабдуулар менен жабдылган. Компания жергиликтүү мөмө-жемиштерди, токой жана айыл чарба продукцияларын, «биопродуктулар» катары: грек жаңгагы, мисте, кургатылган жемиштер, күн караманын үрөнүн жана башкаларды экспорттойт. Президент Сооронбай Жээнбеков экологиялык таза азык-түлүктөрүн чет өлкөлүк рынокко экспорттоодо өлкөнүн келечектүү дараметин белгиледи. Агрардык өлкө үчүн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканалар чоң мааниге ээ, буга байланыштуу кайра иштетүү өнөржайына мындан ары өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи. Президент мамлекеттин артыкчылыктуу милдети болгон аймактардагы ишкерлерди колдоо ата мекендик айыл чарбасын өнүктүрүүгө түрткү берерин баса белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле, Жалал-Абад шаарындагы электр туташтыргычтарды жана шаймандарды өндүрүү менен алектенген «Нур» ишканасына барды. Ишкана жетекчиси Абдыжапар Тагаев маалымдагандай, компаниянын мындан аркы пландары өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында жаңы талаптарды эске алуу менен өндүрүштү өнүктүрүү. Президент Сооронбай Жээнбеков аймактык өнүктүрүүнүн алкагында жаңы жумуш орундарын түзгөн жер-жерлердеги ишкерлердин демилгелерин колдоого өлкөнүн каржы институттарынын 70% га жакын жеңилдетилген каражаттары аймактарга багытталып жатканын эске салды. Бул ички миграцияны азайтууга жана облустарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мамлекет башчысы «Нур» ишканасынын жетекчилигине өндүрүшкө заманбап технологияларды киргизүүнү сунуштады, мамлекеттик түзүмдөр ишкердикти өнүктүрүү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү үстүндө иштерди улантарын баса белгиледи. Эске салсак, 2018-жылдын декабрында Президенттин Жарлыгы менен Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңешке караштуу өнөржайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүлүп, ал мамлекет менен ишкер коомчулугунун ортосунда актуалдуу маселелерди чечүү үчүн пикир алышуунун аянтчасы болууга багытталган.