Президент
Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга кайрылуу жасады
Элита плюс
Июль 09, 2020 г.
Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга кайрылуу жасады
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Кадырлуу калайык-калкым,

Урматтуу мекендештерим!

Дүйнө эли менен бирге, биз да капыстан келген илдетке туш болдук. Тарыхыбыздагы кыйын учурду башыбыздан өткөрүп жатабыз.

Бул апаат биздин элибизге да кайгы алып келди. Илдеттин кесепетинен ондогон мекендештерибизден айрылып калдык. Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн өмүрүн арнап, элим, жерим деп жашаган инсандарыбыз кайтыш болду.

Каза болгондордун жаны бейиште болсун деп тилейбиз. Өз жакындарын жоготкон мекендештерибиздин аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.

Дарыланып жаткан бейтаптарыбызга Кудай шыпаасын берсин деп тилейбиз.

Кадырлуу калайык-журтум!

Азыр элдин саламаттыгы үчүн аёосуз күрөш болууда. Бул күрөштүн ийгилиги — элдин биримдигинен көз каранды. Ынтымак, тилектештик менен ар бирибиз жарандык жоопкерчиликти бийик сезсек, бул илдетти жеңебиз.

Бүгүнкү күндүн баатырлары — дарыгерлерибиз өз өмүрүн тобокелге салып, көзгө көрүнбөгөн душман менен жанын аябай, кармашып жатат. Алардын ак эмгегине таазим этип, терең ыраазылык билдирем.

Урматтуу кыргызстандыктар,

Адам өмүрү — баарынан кымбат. Өлкө президенти катары мен үчүн мындан өткөн ыйык да, бийик да түшүнүк жок. Ар бир жараныбыздын саламаттыгы — мамлекеттик мааниге ээ.

Жооптуу аткаминерлерден элдин саламаттыгы үчүн жан үрөп иштешин талап кылып жатам. Азыркы кырдаалдагы көйгөйлөрдүн чечилиши жеке өзүмдүн, Коопсуздук кеңештин көзөмөлүндө.

Кайсы өлкө болбосун, элдин бийликке болгон талабы күчөөдө. Бул табигый көрүнүш. Бизде да элдин талабы, кайсы бир маселелер боюнча нааразылыгы ачык айтылууда.

Баарын көрүп, түшүнүп турам. Кемчиликтер аз эмес. Мен да сиздердей болуп алардын тез чечилишин каалайм.

Бул 30 жылдан берки топтолгон көйгөйлөр деп актанып отурууга, күнөөлүүлөрдү издөөгө азыр убакыт жок. Ошондуктан, тынбай иштеп жатабыз.

Болгон аракет көрүлөт жана милдеттер аткарылат!

Урматтуу элим, кадырлуу калкым,

Эл башына түшкөн азыркы оор сыноо ынтымагыбызды чыңдады. Ишкерлерибиз, ыктыярчылар, деги эле кайдыгер эмес мекендештерибиз жардамдарын көрсөтүүдө.

Мындан ары да бекем ынтымакты, ширелген биримдикти, нукура тилектештикти көрсөтөлү. Жоопкечилик — ар бирибизде. Ар бир жаран — өз үй-бүлөсү, балдары үчүн жоопкер. Менин жоопкерчилигим — элимдин алдында. Сиздердин колдооңор менен бул кыйынчылыктарды жеңебиз. Мен сиздерге ишенем, урматтуу мекендештерим.