Коом
Президент Сооронбай Жээнбеков Иран Президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөштү
Элита плюс
Июнь 09, 2020 г.
Президент Сооронбай Жээнбеков Иран Президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөштү
© Сүрөт Султан Досалиевге таандык

Бүгүн, 9-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары менен келечегин, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды көрүү маселелерин талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков илдет менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу, атап айтканда, тиешелүү гуманитардык жардам бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Мамлекет башчылары эки жактуу жана регионалдык кызматташууну, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатууну активдештирүүнүн маанисин баса белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков менен Хасан Рухани маселелердин бардык чөйрөсү боюнча Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы жемиштүү кызматташуунун улантылышына кызыкдар экенин билдиришти.